«Бишкекжашылчарба» жана «Бишкексуучарба» ишканалары бириктирилди

  • 5 месяцев мурун

«Бишкекжашылчарба» жана «Бишкексуучарба» ишканалары бириктирилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкек шаарында конкреттүү жыйынтыкка жетүү максатында мэриянын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана муниципалдык ишканаларынын түзүмү кайра каралып жатат.

Азыркы учурда Бишкек шаарынын мэриясынын 6-февралдагы №17 токтому менен «Бишкекжашылчарба» жана «Бишкексуучарба» муниципалдык ишканалары бириктирилип, оптималдаштырылды. Азыр аталган ишкана «Бишкекжашылкурулуш» МИси деп аталат.

Белгилей кетсек, буга чейин «Бишкексуучарба» жетектеген Болотбек Одракаев директор болуп дайындалды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты