Бишкектин Жаш Гвардия бульварынын бир бөлүгү ачылат
- 2 недели мурун
Бүгүн, 9-майда, Бишкекте Жаш Гвардия бульварынын Чүй проспектисинен Жибек Жолу проспектисине чейинки батыш тарабындагы тилкеси оңдоп-түзөөдөн кийин кайрадан ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Ошол эле учурда жолдун чыгыш тарабы оңдоо үчүн жабылып, убактылуу эки тараптуу кыймыл батыш тилке аркылуу уюштурулду.
Мэрия калыбына келтирүү иштери графиктен мурда бүткөнүн белгилеп, подрядчы катары «ДорСтрой Групп» ЖЧКсы иш алып барганын кошумчалады.
Жакынкы күндөрү жол жээгиндеги аймакты абаттоо, унаа токтотуучу чөнтөктөрдү оңдоо иштери улантылат. Коммерциялык объектилерге жакын жерлердеги иштер ижара келишимдери бар менчик ээлеринин эсебинен жүргүзүлөт.
Муну бөлүшүү