Бишкектин вице-мэри №173 бала бакчадагы окуядан кийин директорлор менен кеңешме өткөрдү

  • 11 месяцев мурун

Бишкектин вице-мэри №173 бала бакчадагы окуядан кийин бала бакчалардын директорлору менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйында балдардын сапаттуу тамактануусун уюштурууга көзөмөлдү күчөтүү жөнүндө сөз болду.

Жыйындын жүрүшүндө мэрдин орун басары Виктория Мозгачева №173 мектепке чейинки билим берүү мекемесинде жагымсыз абал түзүлгөнүн белгиледи. Ошондой эле ар бир жетекчи мындай кырдаал жаралганда райондук билим берүү башкармалыгына билдирүүсү керектигин эскертти.Ал ошондой эле борбор калаадагы билим берүү мекемелери үлгүлүү болуп, мындай окуялардын алдын алуу керектигин белгиледи.Мындан тышкары мэрдин орун басары ата-энелерден акча чогултууга тыюу салынганын эске салды.Белгилеп кетсек, берилген тамак-аш азыктарын такай көзөмөлдөө жана жакшыртуу максатында мындай жолугушуулар борбор калаанын бардык райондорунда пландалууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты