Бишкектин тургуну “Хизбут-Тахрир” экстремисттик уюмдун мүчөлүгүнөн баш тартты

  • 1 год мурун

Бишкектин тургуну “Хизбут-Тахрир” экстремисттик уюмдун мүчөлүгүнөн баш тартты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1985-жылы туулган, Бишкек шаарынын А.Н. аттуу тургуну радикалдык көз карашынан баш тартты. Ал 2022-жылдан бери “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун кылмыштуу ишмердүүлүгүнө катышып, экстремисттик жашыруун топтордун активдүү кызматкерлери менен байланышта болгон. Профилактикалык иш-чаралардын жүрүшүндө А.Н. тандап алган диний багытынын туура эместигин моюнга алып, бул уюмдун ишмердүүлүгүнө жол берилбестигин билдирүү менен жарандарды “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырды. Учурда КР УКМК тарабынан “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу, ошондой эле аталган диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн арасында профилактикалык иш-чараларды өткөрүү боюнча иштер улантылууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты