Бишкектин Свердлов районунда тамеки чегүүгө каршы рейдде 200 миң сом айып салынды

  • 2 года мурун

Бишкектин Свердлов районунда тамеки чегүүгө каршы жүргүзүлгөн рейдде 200 миң сом айып салынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Свердлов райондук администрациясы Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору жана райондук ички иштер башкармалыгынын инспекторлору менен биргеликте рейддик иш-чараларды өткөрдү.

Рейд учурунда коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салуу талабын бузган, тамактануучу жана көңүл ачуучу жайлар текшерилди.

Жалпысынан 30 объект текшерилип, 4 протокол түзүлүп, 12 санитардык көрсөтмө берилди. «Balagan», «Sarya», «Grammy» жана «Дым Востока» аттуу жайларга 200 миң сом өлчөмүндө айып салынды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты