Бишкектин Садыгалиев көчөсүнүн бир бөлүгү бир тараптуу болот

  • 1 год мурун

Бишкектин Садыгалиев көчөсүнүн бир бөлүгү бир тараптуу болот. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

28-апрелден тарта С.Садыгалиев көчөсүнүн түштүк багытындагы А.Волкова көчөсүнөн Дэн Сяопин проспектисине чейинки бөлүгүндө бир тараптуу кыймыл уюштурулат.

Мындай чечим өткөрүү жөндөмдүүлүгүн, жол коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу жана жол кырсыктарынын санын азайтуу максатында кабыл алынган.

Белгилей кетсек, С.Садыгалиев-А.Волкова көчөлөрү менен Дэн Сяопин проспектиси-С.Садыгалиев көчөсүнүн кесилиштеринде жүргүзүлгөн изилдөөлөр С.Садыгалиев көчөсү менен бара жаткан унаалардын агымына туруштук бере албай тургандыгын көрсөткөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты