Бишкектин райондорунда жер мунапысы боюнча комиссиянын иши башталды

  • 2 года мурун

Жеке турак-жай курулушу жана шаар куруу департаментинде борбор калаанын райондук администрацияларында жер мунапысына кирген объектилер боюнча комиссиясынын иши башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Биринчи май району боюнча 50 арыз каралып, жыйынтыгында бардык материалдарды «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесине жөнөтүү чечими кабыл алынган. Корутундуну алгандан кийин комиссиянын отуруму болот. Урматтуу шаардыктар! Документтер күн сайын саат 9:00дөн 18:00гө чейин Туңгуч кичирайону, 57 (Жеке турак-жай курулушу жана шаар куруу департаменти) дареги боюнча кабыл алынат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты