Бишкектин окуучулары республикалык илимий-техникалык олимпиадада коло байгеге ээ болушту

  • 1 год мурун

Бишкектин окуучулары республикалык илимий-техникалык олимпиадада коло байгеге ээ болушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Чолпон-Ата шаарында 11-13-февраль аралыгында «Илим + Ойлоп табуулар = Техника» аттуу республикалык илимий-техникалык олимпиада өттү. Иш-чарага Кыргызстандын бардык аймактарынан 180ден ашык мектеп окуучулары келип, күчүн сынашты. Бишкек шаарынан олимпиадага эки команда катышты – юниор же өспүрүмдөр командасы (4-класстын окуучулары) жана жаштар командасы (10-класстын окуучулары).

Жаштар командасында:

Б. Кудайбергенов – Е. Б. Якир атындагы автордук физика-математикалык №61 мектеп-лицейи;

В.Жердев, А. Базарбаева, Б. Сагындыков – № 67 мектеп-гимназиясы;

Жетекчилери – Галиуллина Елена Эриковна.

Юниор командасында:

А. Жээнбекова, М. Джолдошева – ЖТС, Ленин району;

А. Расулов – № 84 орто мектеби;

Р. Кадурин – № 63 мектеп-гимназиясы;

Жетекчилери – С.Данышманова, Т.Есенкулов, Догдурбек кызы Эркайым.

Үч этаптан турган интеллектуалдык таймашта борбор калаанын мектеп окуучулары берилген тема боюнча баяндама жасап, илим жана техника тууралуу татаал суроолорго жооп берүү менен бирге өздөрүнүн илимий долбоорлорун коргоп, жогорку деңгээлде көрсөтүштү. Олимпиаданын жыйынтыгында өспүрүмдөр командасы коло байгеге ээ болуп, Билим берүү жана илим министрлигинин медалдары жана дипломдору менен сыйланышты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты