Бишкектин Октябрь районунун мурдагы акими жерди мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча кармалды
- 10 месяцев мурун

Бишкекте УКМКнын кызматкерлери жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча Октябрь райондук администрациянын, архитектура, кадастр жана Борбордук мамлекеттик архивдин мурдагы жана азыркы кызматкерлерин кармады.
Тергөөнүн версиясы боюнча, айыпталуучу турак жайдын башкы планын жана райондук мамлекеттик администрациясынын «Жеке курулуш маселелери боюнча» токтомдорун жасалмалоо жолу менен Октябрь районунун аймагындагы 1 гектардан ашык мамлекеттик 21 жер тилкесин мыйзамсыз ээлеп алган. Мамлекетке келтирилген зыян 300 миллион сомдон ашкан.
УКМКдан билдиргендей, схеманы уюштурган деген айып менен Октябрь районунун мурдагы акими Б. К. Э. жана Курулуш министрлигинин мурдагы кызматкери У. М. И. камакка алынды.
Алар күнөөсүн мойнуна алып, өз ыктыяры менен тилкелерди мамлекеттин менчигине кайтара башташты. Тергөө иштери уланып, башка тиешелүү кызмат адамдарынын аракеттерине баа берилип, коррупциялык схеманын кошумча катышуучулары аныкталууда.




