Бишкектин мурдагы вице-мэри Алимбек Абдылдаев коррупцияга шектелип кармалды

  • 2 года мурун

Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Алимбек Абдылдаев коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Атайын кызматтан билдиришкендей, Алимбек Абдылдаев «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын жана «Бишкексвет» муниципалдык ишканасынын жетектеп турган кезде коррупциялык иштерге аралашканы аныкталган.

Тактап айтканда, 2019-жылдан 2021-жылга чейин «Бишкексвет» муниципалдык ишканасынын жетекчилиги өзгөчө ири өлчөмдө бюджеттик каражаттарды системалуу түрдө мыйзамсыз чыгарып кетип турган.

«Өзгөчө каржылоонун бекитилген жана мыйзамдуу булактары болбостон, чыгаша бөлүгүн жасалма түрдө ашыкча баалоо жолу менен «Бишкексвет» ишканасынын имараттарын жана курулмаларын капиталдык оңдоодон өткөргөн. Мындан тышкары, 2 миллион 300 миң сомго жакын ишкананын негизги каражаттарын уурдоо фактысы аныкталды», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын жетекчилери 2016-2019-жылдары уруксаттарды берүүдө жана курулуш объектилерин жылуулук тармактарына кошууда мыйзамсыз аракеттерди жасап, жалпы 31 миллион сомго жакын зыян келтиргени аныкталган.

2022-жылдын 15-декабрында козголгон кылмыш иштеринин алкагында, Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, Алимбек Алдылдаев кармалып, УКМК тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бишкектин мурдагы вице-мэри Алимбек Абдылдаев коррупцияга шектелип кармалды
Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты