Бишкектин мэриясында Курман айт намазын окуу маселеси талкууланды

  • 2 месяца мурун

Бишкек шаарынын мэриясында мэр Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында күч түзүмдөрүнүн жана шаардык кызматтардын, ошондой эле Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жетекчилеринин катышуусунда координациялык комиссиянын жыйыны өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйында быйыл 16-июнга туура келген Курман айт намазын окууга байланыштуу маселелер талкууланды.

Айт намазды Т.Усубалиев атындагы аянтта (эски аянтта) окууну токтотуу чечимине байланыштуу, майрамдык айт намазы борбор калаанын мечиттеринде окулат.

Бишкек шаарынын мэри шаардык коммуналдык кызматтарга мечиттерге жакын аймактардагы тазалык жана көрктөндүрүү маселелерине көңүл бурууну тапшырды. Борбордук ички иштер башкы башкармалыгына майрам жана дем алыш күндөрү коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-чараларды күчөтүү, ошондой эле чоң шаардагы мечиттер жайгашкан көчөлөрдө унаа тыгындарынын алдын алуу боюнча иштиктүү чараларды көрүү тапшырылды. Шаарда жүргүзүлүп жаткан жолдорду оңдоо иштерин эске алып, бул күнү коомдук транспортто жүрүүгө чакырык менен шаардыктар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү КМДБга сунуштоо чечими кабыл алынды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгына коопсуздукту камсыздоо боюнча тийиштүү иштерди күчөтүү, анын ичинде диний жайларда өрткө каршы, борбордогу чоң мечиттерге бир өрт өчүрүү бригадасы бекитүү .

Ошондой эле шаардагы ири мечиттерди тез жардам бригадалары менен камсыздоо тапшырмасы берилди.

Мэриянын Транспорт департаменти Курман айт күнү жана айт намазы учурунда саат 05.30 дан тарта коомдук транспорттун ишин камсыздайт, ал эми автобус жана троллейбустардын жүрүү аралыгы кыскарат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты