Бишкектин мэриясы шаардыктарды ишембиликке чакырды

  • 1 год мурун

Бишкектин мэриясы шаардыктарды ишембиликке чакырды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-марттан 31-майга чейин көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча үч айлык жарыяланды.

«Баарыныздарды жалпы шаардык ишембиликке чакырабыз. Ишембиликте имараттарга жана курулуштарга жанаша турган ирригациялык тармактарды, ошондой эле парктарды жана скверлерди тазалоого өзгөчө көңүл бурулат. Чарбалык субъектилердин, уюмдардын жана мекемелердин ишембиликтерин өткөрүү жерлери райондук администрациялар тарабынан аныкталат. Урматтуу шаар тургундары. Баарыңыздарды шаарыбызды көрктөндүрүүгө, тазалоого чакырабыз», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты