Бишкектин мэриясы Нооруз-2023 майрамына карата майрамдык программа даярдады

  • 1 год мурун

21-мартта саат 10:00дө «Ала-Тоо» аянтында майрамдык иш-чара өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Саат 12:30 дан баштап 17:00 го чейин Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын чыгармачыл жамаатарынын жана Кыргыз искусствосунун маданият жана өнөр чеберлери концерттик программасы тартууланант.

Ошону менен бирге, аянтта жалпы элдик майрамдоо улантылат.

Майрамдык иш-чаралар борбор калаанын бардык райондорунда өткөрүлөт.

Октябрь району

19-март күнү саат 19:00дө Алтын-Ордо конушунда улуттук сүмөлөк даярдалган майрамдык иш-чара өткөрүлөт.

21-март күнү саат 10:00дө №73 мектепте Тунгуч кичи районунун тургундарынын «Спорттук Нооруз» спартакиадасы өтөт.

21-март күнү саат 10:00дө Көк-Жар конушунун №103 мектебинин аймагына боз үй тигилип, салтанаттуу иш-чаралар, улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлүп, майрамдык дасторкон жайылат.

Свердлов  району

20-март күнү саат 10:00дөн 20:00гө чейин Ак-Бата конушунда элдик майрамдар уюштурулуп, боз үй тигилип, дасторкон жайылып, концерттик программа тартууланып, улуттук оюндар жана спорттук мелдештер өткөрүлөт.

22-мартта саат 14:00дө К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында «Сармерден» өткөрүлөт.

Нооруз майрамын белгилөөнүн алдында «Сайма» мелдеши өткөрүлүүдө. «Сайма» мелдеши райондун мектептеринде жана бала бакчаларында улуттук кийимдерди, оймо-чиймелерди, шырдактарды, баш кийимдерди улуттук турак жайды жайылтууга жана өркүндөтүүгө багытталган. Жеңүүчүлөр үчүн байге фонду каралган.

Ошондой эле бардык каалоочулар үчүн (ата-энелер менен балдарга) райондун Балдар чыгармачылык борборунун базасында ар жума күнү кийиз гигүү, чий-токуу, карапа жасоо жана улуттук кол өнөрчүлүктүн башка түрлөрү боюнча акысыз мастер-класстар уюштурулууда.

Ленин району

21-мартта    «Чоң-Арык»  айылында  «Нооруз – 2023» (улуттук «сүмөлөк» тамак-ашын даярдоо) майрамдык иш-чаралары уюштурулат.

21-мартта саат 10:00дө Арча-Бешик конушунда да «Тушоо кесүү» аземи менен майрамдык иш-чара уюштурулат.

21-мартта саат 10:00дө Ак-Ордо конушунда дасторкон, концерттик программа жана улуттук оюндарды уюштуруу менен элдик майрамдар өткөрүлөт.

21-мартта саат 13:00дө Asia Mall соода борборунун жанында этникалык айыл орнотулуп, Азия элдеринин жарманкеси, ошондой эле ар улуттун өкүлдөрүнүн концерти өтөт. Майрамдын коноктору үчүн улуттук оюндар: тогуз коргоол, хан таламай, бал-таш, күрөш, ордо боюнча мастер-класс уюштурулат.

Биринчи май району

21-март күнү саат 10:00дө «Мурас-Ордо» жаңы конушунда улуттук оюндар, аркан  тартыш, ордо,  тогуз-коргоол, кичи футбол жана эстафеталык жарыш уюштурулуп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты