Бишкектин мэринин жаңы орун басары дайындалды

  • 4 месяца мурун

Талайбек Байгазиев Бишкек шаарынын отун-энергетикалык комплекси маселелери боюнча мэрдин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ошону менен бирге ал президенттин 2024-жылдын 3-апрелиндеги №89 «Отун-энергетикалык комплексинин айрым маселелери жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-июнундагы № 303 токтомунун негизинде түзүлгөн Бишкек шаарынын мэриясынын отун-энергетикалык комплекс департаментин жетектейт.

Дайындоо Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-ноябрындагы № 521 “Кадрлардын региондук резервин жана муниципалдык резервин түзүү жана алардын иштөөсү жөнүндө” Жарлыгынын алкагында түзүлгөн муниципалдык кадрдык резервден ишке ашырылды.

Буга чейин ал энергетика министринин орун басары болуп иштеген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты