Бишкектин мэри менен Чехиянын делегациясы достук мамилелер тууралуу сүйлөшүштү

  • 2 года мурун

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун Парламент депутаттар Палатасынын төрагасынын орун басары Ян Бартошек баштаган Чехиянын делегациясы менен жолугушуусу болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда тараптар достук мамилелерди өнүктүрүү жана бекемдөө маселелерин талкуулашты.

Борбор калаанын мэри Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаадагы тарыхый эстеликтерди сактоого өзгөчө маани берерин жана Чехословакиядан келген «Интергельпо» кооперативинин тарыхый мааниси тууралуу керектүү маалыматтарды табууга көмөктөшүүгө даяр экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, Чехия делегациясы боордош көрүстөнүндөгү Чехословак мүрзөлөрүнө, Интергельпо районуна, Ю.Фучик паркына жана А. Дубчектин үйүнө барууну пландаштырууда.

Жолугушууга Чехиянын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Гикл Рудольф, 1-катчы, Чехиянын Кыргыз Республикасындагы элчисинин орун басары Йозеф Богач, Чехиянын Кыргызстандагы ардактуу консулу Марат Жаанбаев жана Чехиянын Коргоо министрлигинин аскер мүрзөлөрүн багуу боюнча департаментинин директору Павел Куглер катышты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты