Бишкектин мэри «Мадина» базарындагы объекттерди бузуу процессин текшерди

  • 2 недели мурун

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев «Мадина» базарындагы объекттерди бузуу процессин текшерди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкек шаарындагы «Мадина» базарынын түштүк тарабындагы коомдук тамактануу жайлары өз ыктыяры менен демонтаждалууда. Мэр Айбек Жунушалиев муниципалдык аймакка чыгып кеткен объектилерди бузуу процессин текшерди.

2-мартка чейин 186 чарчы метр муниципалдык жер бошотулуп, бузуу иштери ушул күнгө чейин уланууда.

Бишкектин башчысы объектилерди алууну тездетүүнү тапшырды. Алардын ордуна тротуар жана жолду реконструкциялоо жүргүзүлөт.

Свердлов районунун акимине курчап турган аймакты көрктөндүрүү милдети коюлган.

«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасына тез арада электр чубалгылары боюнча анализ жүргүзүп, талапка ылайык келтирүү тапшырылды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты