Бишкектин мэри курулуш компанияларды жолдорду курууга көмөктөшүүгө чакырды

  • 1 год мурун

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров борбор калаанын түштүк пландоо зонасында объектилери жайгашкан курулуш компаниялардын өкүлдөрү жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мэр өз сөзүндө чарчы метрдин баасы өнүккөн инфраструктурага – бала бакчаларга, мектептерге, дүкөндөрдүн жакындыгынан, ыңгайлуу кирүүчү жолдорго, көчөлөргө түздөн-түз көз каранды экенин белгиледи. Ошондой эле түштүк пландоо зонасында азыркы учурда объекттери курулуп жаткан же курууну пландаштырып жаткан курулуш компанияларын өздөрүнүн турак жай комплекстерине алып баруучу жолдорду курууга көмөктөшүүгө чакырды.

Жыйында «Бишкекбашкыархитектура» мекемесинин башчысы Урмат Карыбаев өз көз карашын билдирип, биринчи кезекте кайсы жолдорду курууга болорун айтып, презентацияда көрсөттү. Бул Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн уландысы, Куттубаев, Молдобасанов жана борбор калаанын жогорку бөлүгүндөгү аты жок көчөлөргө асфальт төшөө зарылдыгы. Ири курулуш компанияларынын өкүлдөрү мэрдин бул пикири менен макул болуп, жол салууга көмөк көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Өз кезегинде алар менен да өз-өзүнчө жолугуп, алдыдагы пландарды талкуулоо чечими кабыл алынды. Октябрь райондук администрациясынын башчысы жуманын аягына чейин курулуш аянты боюнча алдын ала эсептөөлөрдү жана анализдерди берүүгө даяр экенин билдирди. Жол курулушунун көлөмүн чарчы метрге болжолдуу бөлүү чечими кабыл алынды. Учурда түштүк пландоо зонасында 34 курулуш уюму курулуш иштерин жүргүзүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты