Бишкектин Махатма Ганди көчөсүндө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилди

21-октябрдан тартып жол оңдоо иштерине байланыштуу Махатма Ганди көчөсүнүн (мурдагы Муромский көчөсү) № 4 шаардык ооруканадан Гагарин көчөсүнө чейинки бөлүгүндө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.

Борбор шаарын мэриясы айдоочулардан жолго чыгуудан мурун каттамдарын алдын ала пландап, мүмкүнчүлүккө жараша айланып өтүүчү альтернативдүү жолдорду тандоону жана убактылуу жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты