Бишкектин Лев Толстой көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоп-түзөө иштеринен кийин ачылды

  • 9 месяцев мурун

Бишкектин Лев Толстой көчөсүнүн Садырбаев көчөсүнөн тартып Термечиков көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоп-түзөөдөн кийин унаа кыймылы үчүн 30-сентябрда ачылды.

Мэрия аялдамалар,  тротуар жолу да оңдолоорун белгиледи.

Аталган тилкеде, эки катмар жаңы асфальт төшөлдү, бордюрлар жана лотоктор жаңыртылып, жол сызыктары чийилди.

Бишкек мэриясы жол эрежесин сактоого жана учурда болуп жаткан оңдоо иштерине түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.

Сүрөт: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты