Бишкектин Ленин районунда убактылуу баш калкалоочу жайлар иштей баштады

  • 9 месяцев мурун

Бишкектин Ленин районунда убактылуу баш калкалоочу жайлар иштей баштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Ленин районунда оор турмуштук кырдаалга кабылган балалуу аялдар үчүн «Мээрим борбору» баш калкалоочу жайы иштейт, аларга ысык тамак, жатакана, медициналык тейлөө, социалдык жана юридикалык жардам берилет. Учурда бул жерде 12 аял жана 14 бала жашайт, ал эми социалдык кызматтар «Кайрымдуулук борбору»коомдук фондунун эсебинен көрсөтүлүүдө. Бул максатта жергиликтүү бюджеттен 493 миң сом бөлүнгөн. Борбордун өзүнүн кир жуучу жайы, чач тарач, душ бөлмөсү жана ашканасы бар. Медициналык кызматты №1 үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлери көрсөтүшөт.

Документи жок аялдарга Ленин райондук үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн адистери паспортторун жана туулгандыгы тууралуу документтерин калыбына келтирүүгө жардам беришет», — деп жазылат маалыматта.

Колдоо үйү Трудов көчөсү, 10 дарегинде жайгашкан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты