Бишкектин Ленин районунда үч эм төрөлдү

  • 2 года мурун

Бишкектин Ленин районунда үч эм төрөлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Оскар Исаковдун үй-бүлөсүндө үч эм төрөлдү.

Балдардын атын Нурбакыт, Нурмахаммед жана Нурсултан коюшкан. Эненин жана балдардын ден соолугу канааттандырарлык абалда. Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков, Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова жана Ленин районунун башчысы Русланбек Тагаев жаңы төрөлгөн ымыркайларды көрүп, төрөт үйүнөн чыгарышты.

Исаковдун үй-бүлөсүнө чын ден соолук, бакыт-таалай, ал эми балдарына бактылуу балалык каалап, белектерди тапшырышты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты