Бишкектин Ленин районунда батирлерди мыйзамсыз ижарага берилиши боюнча рейд жүрүүдө

  • 9 месяцев мурун

Бишкектин Ленин районунда батирлерди мыйзамсыз ижарага берилиши боюнча рейд жүрүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаардыктардын көп даттанууларынан улам жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу максатында, Ленин акимиатынын кызматкерлери салык кызматынын инспекторлору жана райондун ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү, МАБдын адистери менен биргеликте турак жай аянтын ижарага берген адамдарды (батир берүүчүлөрдү) салыктык эсепке алуу боюнча рейддик иш-чараларды жүргүзүүдө.

Бул ишти жүргүзүү үчүн райондун аймагындагы батир тапшыруучулардын маалымат базасы түзүлдү. Бүгүнкү күндө №5 МАБдын карамагындагы имарат, турак үйлөрдө жана көп кабаттуу үйлөрдө иштер жүргүзүлүүдө, батир жана үй ээлерине 150 билдирүү тапшырылды. Алар боюнча көзөмөл жана иш жүргүзүлүү улантылууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты