Төрага Шакиевдин бир тууган иниси Ленин районуна аким болуп дайындалды

  • 1 год мурун

Бишкектин Ленин районунун акими болуп Шакиев Жыргалбек Тургунбекович дайындалды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Аким КР “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамынын 21-беренесине, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине, Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын реестрине ылайык дайындалды», — деп айтылат билдирүүдө.

Тиешелүү буйрукка Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

Белгилей кетсек, Жыргалбек Шакиев Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин бир тууган иниси.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты