Бишкектин Ленин райондук милициясында 25 жаштагы адам каза болду
- 1 год мурун
Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын бөлүмдөрүнүн биринде 25 жаштагы адам каза болду.
Окуя 9-август күнү болгонун жакындары билдирген. Милиция өлүмдүн себебин аныктоо үчүн бардык зарыл экспертизалар, анын ичинде соттук-медициналык экспертиза дайындалганын билдирди.
Баланын жакындары ал сабалганын социалдык тармактарга жазып жатышат.
Учурда иштин чоо-жайы боюнча толук маалымат бериле элек. Топтолгон материалдар юридикалык баа берүү үчүн Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасына жөнөтүлдү.
Муну бөлүшүү




