Бишкектин Киев жана Раззаков көчө кесилишинде унаа кыймылы убактылуу чектелет

  • 3 месяца мурун

Бишкек шаарында Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жылуулук тармагын алмаштыруу иштери ийгиликтүү аяктады. Ишкананын адистери түтүктөрдү жаңыртышты.

8-июлдан тартып ишкана жылуулук тармагын жаңылоонун кийинки этабына киришет. Буга байланыштуу Киев жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде автотранспорттун кыймылы убактылуу чектелет.

Бул тилкеде түтүктү алмаштыруу пландалууда.

Мэрия алдын ала убактылуу чектөөлөрдү эске алууну жана оңдоо иштерине байланыштуу жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты