Бишкектин каратэ боюнча курама командасы эл аралык турнирде медалдарга ээ болду

  • 1 год мурун

Бишкектин каратэ боюнча курама командасы эл аралык турнирде медалдарга ээ болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкек шаарынын курама командасынын мүчөлөрү 23-26-февралда Фуджейра шаарында БАЭ өткөн каратэ боюнча WKF «KARATE 1-Youth League Fujairah» рейтингдик эл аралык турнирине катышты. Турнирге 66 өлкөдөн 1000ден ашуун спортчу катышты.

14 жашка чейинки уландар арасында +55 кг салмакта күмүш медалды Бишкек шаардык курама командасынын мүчөсү Илья Кобелев (Октябрь райондук спорт мектебинин тарбиялануучусу, жеке машыктыруучусу Б. Дүйшеев) алып келди. Биринчи беттешинде Катардын спортчусун 6:0 эсебинде жеңип, андан соң БАЭ турниринин кожоюндарынын өкүлүн ушундай эле эсеп менен 6:0 эсебинде, үчүнчү беттешинде Хорватиядан келген спортчуну 7-2 эсебинде жеңип, финалга чыгып, египеттикке 2-0 эсебинде утулуп калды.14 -55 килограммга чейинки уландар арасында коло медалды Явгет Матвей (Октябрь районунун спорт мектебинин тарбиялануучусу, жеке машыктыруучу Казанов Д.) алды. Биринчи кармашта ал казакстандыкты биринчи алган упайынын артыкчылыгы менен 1:1 эсебинде жеңсе, экинчи беттешинде 1:0 эсебинде жеңип, үчүнчү беттешинде америкалыкты 2-0 эсебинде утуп алды. Жарым финалда Люксембургдан келген атаандашына 6-0 эсебинде утулуп, кийинки коло медаль үчүн күрөштө полякты 2-1 эсебинде жеңип алды.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын курама командасынын мүчөсү Даткайым Байжигитова Октябрь райондук спорт мектебинин тарбиялануучусу, 2022-жылы кадеттер арасындагы Азия чемпионатынын коло байге ээси, жарым финалга чейин жетип, коло медаль үчүн беттеште жеңилип калган. Ошону менен өз категориясынын жыйынтык протоколунда 5-орунду ээледи.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты