Бишкектин көчөлөрүнө жаңы светофорлор орнотулат

  • 10 месяцев мурун

Жакынкы аралыкта Бишкектин көчөлөрүнө жаңы светофорлор орнотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жол кыймылынын жана жөө жүргүнчүлөрдү коопсуздугун жакшыртуу боюнча иш-чаралардын алкагында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын корутундусуна, ошондой эле келип түшкөн кайрылууларга ылайык, 2023-жылдын 20-апрелинде курулуш объектилеринин титулдук тизмеси түзүлдү, анын ичинде ушул максаттагы 28 объект бар.

Төмөнкү кесилиштерде жаңы светофорлор орнотулат:
Тоголок Молдо — Саадаев көч.
Байтик Баатыр – Скрябин көч.
Байтик Баатыр — Жантөшов көч.
Жунусалиев — Айни көч.
П. Лумумба — Волков көч.
Ч.Валиханов – Исакеев көч.
Юнусалиев — Койбагаров көч.
Юнусалиев — Жантөшов көч.
Масалиев —  Бакаев көч.
Фрунзе — Төрөкул Айтматов көч.
Токомбаев көч, Асанбай паркынын каршысында (жөө жүргүнчү өтмөгү)
Ю.Фучик көч, №1 шаардык ооруканасы (жөө жүргүнчү өтмөгү)
Өмүр – Алыкулов көч.
Токтогул — Калык Акиев көч.
Садыбакасов — Жайыл Баатыр көч.
Л.Толстой — 7-апрель көч. (өтмөк)
Л.Толстой – Ибраимов көч.(өтмөк )
Ауэзов — Кырман көч.
Чүй пр. – Төрөкул Айтматов көч.
Фатьянов — Кулатов көч.
Байтик Баатыр, Дайыр Асанов атындагы парктын каршысы (жөө жүргүнчү өтмөгү)
Профессор Зима көч, Ак-Босого району № 101 орто мектептин жаны. (жөө жүргүнчү өтмөгү)

Подрядчынын акыркы аныктамасы ушул жылдын октябрь айынын аягына пландаштырылган.
Эскерте кетсек, буга чейин төмөнкү кесилиштерде светофор объектилерин курууга тендер өткөрүлгөн.
Медеров- Матросов көч.
Каралаев — Нуркамал көч.
Учурда подрядчы менен келишим түзүү күтүлүүдө.

Мындан тышкары, төмөнкү даректерде жайгашкан үч светофор объектисинин долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгууга конкурс жарыяланды.

Абай — Горький көч.
Чынгыз Айтматов 93/1 – Безымянная көч. (Океев)
Токтогул — Раззаков көч.

Бул кадамдар коопсуз жана жалпы шаардык инфраструктураны түзүүгө, айдоочулардын, жөө жүргүнчүлөрдүн да ыңгайлуу жүрүшүн камсыз кылууга багытталган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты