Бишкектин Дэн Сяопин проспектисиндеги оңдоо иштери ноябрда бүтөт
- 10 месяцев мурун
Бишкектеги Дэн Сяопин проспектисиндеги жол оңдоо иштери 2025-жылдын ноябрь айында аяктайт.
Бул тууралуу мэриянын Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаменти билдирди.
Учурда атайын техника тартылып, көчөнү капиталдык оңдоого даярдоонун алкагында геодезиялык изилдөө жүргүзүлүүдө.
Аталган жол жабылгандыктан тыгын пайда болуп, нааразылык пайда кылды.
Дэн Сяопин проспектин оңдоо иштеринин биринчи этабында автоунаалардын кыймылы үчүн Фучик көчөсүнөн Интергельпого чейинки тилке, ошондой эле Алыкуловдон Кустанай көчөсүнө чейинки жолдун түштүк тарабы жабылат.
Муну бөлүшүү




