Бишкектин дүкөндөрүнө орнотулган терминалдардан акча каражаттарын уурдаган шектүү кармалды

  • 1 год мурун

Бишкектин дүкөндөрүнө орнотулган терминалдардан акча каражаттарын уурдаган шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-январда К.Б. аттуу жаран белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган, анда Ленин районунун аймагындагы дүкөндөрдө орнотулган терминалдарды бузуп, 50 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын жашыруун уурдап белгисиз тарапка из жашырып кетишкен. Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Ленин районунун Ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) боюнча кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын ИИББнын ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1992-жылы туулган О.Ж. кармалып, Ленин районунун ИИБнын тергөө кызматына жеткирилип, Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу изоляторуна киргизилген.

Учурда анын башка кылмыштарды жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталып, тергөө иштери уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты