Бишкектин борборунда мас айдоочу сүзүп кеткен кыз ооруканада каза болду

  • 2 года мурун

Бүгүн, 7-апрелдин таңында Бишкектеги Исанов-Киев көчөлөрүнүн кесилишинен унаа коюп кеткен 26 жаштагы кыз каза тапты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Жол кырсыгына күбө болгондордун айтымында, Subaru Forester унаасынын айдоочусу Исанов көчөсү менен катуу ылдамдыкта кетип бара жатып, Киев көчөсү менен кесилиште жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан кызды коюп кеткен. Айдоочу кырсык болгон жерге токтобой, качып кетүүгө аракет кылган. Натыйжада, Бөкөнбаев менен Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинен жолдун жээгиндеги электр мамысын сүзүп токтогон.

Патрулдук милициядан айдоочу кармалганын, ал жөө жүргүнчүнү сүзгөнгө чейин Исанов-Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде Opel үлгүсүндөгү унаа менен кагышканын маалымдашты. Айдоочуну текшерүү учурунда Бишкек шаарынын 27 жаштагы В.Т. аттуу тургуну экени жана алкоголдук ичимдик ичип алганы аныкталган.

Ал эми унаа коюп кеткен жаран оор абалда ооруканага жеткирилген.

Видео: Семетей Аманбеков

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты