Бишкектин борбордук көчөлөрүндөгү тосмолор демонтаждалууда
- 2 года мурун
Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан уруксатсыз орнотулган темир тосмолорду демонтаждоо чаралары көрүлүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Иш борбор калаанын архитектуралык-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуунун алкагында жүргүзүлүүдө.
Демонтаждоо төмөнкү даректер боюнча жүргүзүлдү:
— Эркиндик бульвары, 7;
— Исанов көчөсү, 81, 85 жана 87;
— 7-апрель жана Молдокулов көчөлөрүнүн кесилиши;
— 5 -кичи райондо.
Демонтаждалган тосмолордун жалпы узундугу 551 метрди түзөт.
Буга чейин үй ээлерине эскертүүлөр берилген.
Муну бөлүшүү




