Бишкектин борбордук бөлүгүндө көчө соодасына тыюу салынат

  • 1 год мурун

15-марттан тарта Бишкектин Биринчи май районунун аймагында көчө соодасына тыюу салынат. Бул тууралуу аталган райондун администрациясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, эми бул райондун аймагында күч ченеген жабдууларды орнотууга, балдардын электромобилдерин, велосипеддерди ижарага берүү токтотулат. Ошондой эле көчөдө балмуздак, суусундук өңдүү нерселерди сатууга болбойт.

Райондун башчылыгы көчө соодасы айрыкча жаз-жай айлары күчөрүн, көпчүлүк сатуучулардын уруксат кагаздары жоктугун белгиледи.

«Анан калса мындай соода менен алектенгендер шаардын электр зымдарына мыйзамсыз туташып, бюджетти кайсы бир деңгээлде чыгымга учуратат. Ошол эле маалда өздөрү турган жерди таштанды менен булгап кетет», — деп жазылган маалыматта.

Анда мындай чечим «Борбор калаанын макамы жөнүндө» мыйзамга жана Бишкек шаардык кеңешинин шаарды көрктөндүндүрүү токтомуна ылайык кабыл алынган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты