Бишкектин бир катар көчөлөрү бир тараптуу болот

  • 2 года мурун

Бишкек шаарынын мэриясы калаадагы көчөлөрдүн айрым тилкелеринде бир тараптуу кыймылды уюштуруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бир тараптуу кыймыл төмөнкү көчөлөрдө пландаштырылууда:

— Шопоков көчөсү Киев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин (түндүк багытта);

— Панфилов көчөсү Киев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин (түндүк багытта);

— Логвиненко көчөсү Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейин (түштүк багытта).

Бул чаралар Кыргызстандын мыйзамдарынын алкагында көчө-жол тармагын жакшыртуу, жол коопсуздугун жогорулатуу, аварияны азайтуу, тыгындар көйгөйүн жана жол инфраструктурасын өнүктүрүүнүн башка маселелерин чечүү максатында жүргүзүлөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты