Бишкектин бир катар аймагында 15-августта суу өчөт
- 1 год мурун
Бишкек шаарында 15-августта саат 9:00дөн 20:00гө чейин бир катар аймакта ичүүчү суу өчүрүлөт.
Анкара көчөсү — Горький көчөсү, Аламүдүн дарыясы, темир жол линиясы жана Октябрь көчөсүндөгү турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине, ошондой эле башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге таза суу берүү токтотулат.
Маалым болгондой, өчүрүү «ХБО» суу алгычындагы реконструкция иштерине байланыштуу болууда.
«Бишкексууканал» ишканасы ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну сунуштайт.
Муну бөлүшүү




