Бишкектин бир бөлүгүндө убактылуу суу болбойт

  • 3 месяца мурун

Бишкектин бир бөлүгүндө убактылуу суу болбойт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы диаметри 150 мм болгон шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштерин пландоодо.

Аталган иштердин алкагында 2024-жылдын 10-майында саат 9:00дөн 17:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки мекемелерге, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге таза суу берүү токтотулат.

Өчүрүү аймагы чектелген көчөлөр:

  • Киев – Абдрахманов – Шопоков – Фрунзе.

Урматтуу жарандар! “Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты