Бишкектин бир бөлүгүндө таза суу убактылуу өчүрүлөт

  • 1 месяц мурун

Бишкектин бир бөлүгүндө таза суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жал кичи районунда жана Арча-Бешик конушунда диаметри 600 мм болгон магистралдык суу түтүгүн оңдоо иштерине байланыштуу 17-18-апрелде муздак суунун убактылуу өчүрүлүшү күтүлөт.

Өчүрүү 17-апрелге саат 08:00гө белгиленген.

Бул иштердин алкагында суу түтүгүнүн 11 участогунда бураматээктер алмаштырылат.

Бул капиталдык оңдоонун максаты келечекте жашоочуларды жана ишканаларды натыйжалуу суу менен камсыздоо болуп саналат.

Белгилей кетсек, калктын ыңгайлуулугу үчүн эл көп чогулган жайларга убактылуу таза суу жеткирүү жана биодааратканаларды орнотуу иштери жүргүзүлөт.

“Бишкексууканал” ишканасынын өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды суу камдап алууларын өтүнөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты