Бишкектин автобустарында төлөм талону жок жүргүнчүлөрдү текшерүү рейди жүрүп жатат

  • 2 недели мурун

Бишкектин коомдук транспортунда жол кире акысын төлөөдөн качкан шаар тургундарын аныктоо боюнча рейддер уланып жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы автобустардагы жүргүнчүлөрдөн накталай төлөм үчүн берилген талондордун жана накталай эмес жол менен төлөнгөндүгүн ырастаган төлөм кагаздарынын бар-жогун текшерди.

Көпчүлүк жүргүнчүлөр акысын накталай төлөшкөнү менен, талон албай коюшууда. Мындан улам жүргүнчүлөргө билет алуунун маанилүүлүгү эскертилди, анткени билеттин жоктугу төлөмдүн аткарылбагандыгын билдириши мүмкүн.

Эгерде төлөмдү ырастаган документ болбосо, КРнын Укук бузуулар кодексинин 199-беренесинин 8-пунктуна ылайык, 1 000 сом өлчөмүндө айып пул каралган. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты