Бишкектин Алтын-Ордо конушунда турак үйдөн өрт чыкты
- 2 года мурун
Бишкектин Алтын-Ордо конушунда турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Бишкек шаарынын Октябрь районунда алдын ала маалымат боюнча Алтын-Ордо конушундагы турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 08:02де Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1, ал эми 08:08 мүнөт өткөндө дагы бир күжүрмөн эсеп жөнөтүлгөн.
Жеринде тилсиз жоону өчүрүү жумуштары жүрүүдө. Кошумча маалымат берилет.
Муну бөлүшүү




