Бишкектин айрым жерлериндеги жолдорду, тротуарларды оңдоо иштери кайрадан жүргүзүлөт

  • 5 месяцев мурун

Бишкектин айрым жерлериндеги жолдорду, тротуарларды оңдоо иштери кайрадан жүргүзүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, акыркы убакта Бишкек шаарынын айрым тилкелериндеги жолдордун абалы боюнча кайрылуулар көбөйгөн.

2023-жылдын ноябрь айында мэр Айбек Жунушалиев тротуарларды оңдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин сапатын текшерүүнү тапшырган.

«Тапшырманы аткаруунун жыйынтыгы боюнча 14 жалданма ишкананын 12сине кемчиликтерди жоюу жөнүндө 36 жазма буйрук берилген. Алар өз убагында аткарылбаган учурда ак ниетсиз подрядчылардын базасына киргизүү үчүн сунушталат. Кемчиликтер аныкталган бардык оңдоо иштери подрядчылардын эсебинен калыбына келтирилет. Мындан тышкары, текшерүүнүн жыйынтыгында тротуарларды оңдоо маселесин көзөмөлдөгөн айрым адистер ээлеген кызматынан бошотулду. Чуңкурларды жамоо боюнча «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын адистери жерине барып, мониторинг жүргүзүп, жолдун чункурларын жамоо үчүн тизме түзүүдө. Бул участоктордо 5-марттан баштап чуңкурларды жамоону баштоо пландалууда.

Ошондой эле борбордун активдүү жашоочулары четте калышпай, авариялык абал жараткан кемчиликтери бар көчөлөрдүн даректерин жөнөтүп жатышат.

Кайрылуулардын ар кандай түрлөрү социалдык тармактар аркылуу, ишкананын WhatsApp номуруна жана Бишкек шаарынын мэриясынын Call-борборуна келип түшүүдө», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты