Бишкектин айрым жерлеринде ысык суу убактылуу өчүрүлөт

«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы Фрунзе көчөсүндөгү капиталдык курулуштун алкагында жылуулук тармактарын кайра улоо жумуштары жүргүзүлөрүн кабарлайт.

Буга байланыштуу борбор шаардын айрым жерлеринде эртең, 6-августта, саат 08:30дан 20:30га чейин ысык суу берүү убактылуу токтотулат.

Төмөнкү даректерде суу убактылуу токтотулат:

— Тоголок Молдо көчөсү № 21, 23, 23а, 23б, 25;
— Логвиненко көчөсү  № 28/1, 32, 53, 55, 57, 59;
— Фрунзе көчөсү № 475, 495, 497, 499;
— Панфилов көчөсү № 188/1, 188/2, 190, 190/1, 200, 200а, 202, 239, 241;
— Жибек Жолу проспектиси № 328, 346;
— Орозбеков көчөсү № 112, 114, 116, 122 турак үйлөрдө суу өчүрүлөт.

Административдик жана социалдык объекттер:
— Тоголок Молдо көчөсү, 21а — Финансылык чалгындоо кызматы;
— Логвиненко көчөсү, 30 — № 3 төрөткана;
— Логвиненко көчөсү., 30/1 — № 3 Үй-бүлөлүк медицина борбору (ҮМБ);
— Жибек Жолу проспектиси, 348 — Акимиат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан


Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты