Бишкектин айрым жерлеринде газ берүү 2 күнгө токтотулат

  • 1 год мурун

«Газпром Кыргызстан» ишканасы 27-28-мартта Көк-Жар айылындагы «Сары Челек», «Сейтек», «Искендер» турак жай комплекстеринде жаратылыш газын берүү убактылуу токтотуларын кабарлады.

Маалыматка ылайык, газ берүү шаардын Шабдан Баатыр көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдү жаратылыш газына кошуу иштерине байланыштуу жана №62 газды жөнгө салуучу пунктунун жабдууларын жогорку кубаттуулуктагы жабдууларга алмаштыруу боюнча оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.

Компания жогоруда аталган аймактардын тургундарынан кечирип сурап, бул убакыт аралыгында энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты