Бишкектин айрым жерлеринде 18-апрелде суу өчүрүлөт

  • 1 год мурун

18-апрелде Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

18-апрелде саат 9:00дөн 21:00гө чейин төмөнкү даректердеги турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттыкты сактоо объектилерине жана башка социалдык-тиричилик жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотулат.

Өчүрүү төмөнкү көчөлөр менен чектешет:

• Алыкулов көчөсү – БЧК – Ала-Арча дарыясы — Л. Толстой көчөсү;

• Юбилейная көчөсү – Горький көчөсү (Пригородное айылы) – Садовая көчөсү (Пригородное айылы) – БЧК.Ошондой эле «Аскер шаарчасы», «Кызыл Аскер» жаңы конушу, 110 квартал, Достук кичи району.

“Батыш” суу топтомунда жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө байланыштуу суу токтотулат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты