Бишкектин айрым турак үйлөрүндө жана объекттеринде ичүүчү суу убактылуу токтотулат

  • 5 дней мурун

10-октябрда саат 9:00 — 00:00 чейин Бишкек шаарынын айрым турак үйлөрүндө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү суу берүү токтотулат.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.  

Маалыматта айтылгандай, өчүрүү төмөнкү көчөлөр менен чектелет:
 -Ала-Арча суусу- темир жол — Жибек -Жолу проспекти — Жаш Гвардия бульвары;
 -Жаш Гвардия бульвары — темир жол –Фрунзе көчөсү– Манас проспектиси;
— Ден Сяопин проспектиси — Ала-Арча суусу – Бөкөнбаев– Кулиев –
Москва –Фучик –Казаков көчөлөрү;

Ичүүчү суу «Запад-2» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын  суранат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты