Бишкектин айрым конуштарында суу өчүрүлөт

  • 5 месяцев мурун

Бишкектин айрым конуштарында суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-февралда саат 9:00-20:00 чейин иүүчү суу өчүрүлөт турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объектилеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.

Өчүрүү району:

«Ак-Жар», «Ак-Бата», «Келечек» турак жай конуштары.

Ичүүчү суу «Ак-Жар», «Ак-Бата» суутоптомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы жаратылган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты