Бишкектин айрым бөлүгүндө убактылуу суу өчүрүлөт
- 5 месяцев мурун
25-майда саат 10:00дөн 17:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттык сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотулат.
Өчүрүү аймагы: Жунусалиев көчөсү–Гагарин көчөсү – Абдраимов көчөсү–Балтагулов көчөсү – Чыңгыз Айтматов проспекти – Сухомлинов көчөсү – Шота Руставели көчөсү – Айни көчөсү.
Суу берүү Жаманбаев көчөсүндөгү суу түтүгүн көчүрүү иштерине байланыштуу убактылуу токтотулат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




