Бишкектин айрым аймактарында төрт күнгө газ өчүрүлөт
- 3 месяца мурун
- Жаңылыктар
Бишкек шаарынын айрым аймактарында 21–24-июль күндөрү жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу «Бишкекгаз» газ кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, газ берүү орто басымдагы жер алдындагы газ түтүктөрүн кайра туташтыруу иштерине байланыштуу убактылуу токтотулат.
Газ Чоң Чүй каналы (БЧК), Фучик, Дорожная, Юбилейная, Пригородная, Жаш Гвардия, Саадаев, Школьная, Коллекторная, Новая, Кыргыз көчөлөрүндө, ошондой эле Ала-Арча дарыясынын аймагында, Садовый жана Советский чолок көчөлөрүндө өчүрүлөт.
Белгиленгендей, оңдоо иштери керектөөчүлөрдү коопсуз жана ишенимдүү газ менен камсыздоого багытталган.
Сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




