Бишкектин Ахунбаев-Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилиши жабылат

  • 4 месяца мурун

Бишкектин Ахунбаев-Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилиши жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Байтик баатыр жана И. Ахунбаев көчөлөрүндө жолду капиталдык оңдоо жумуштары жүрүп жатат.

Эртең, 14-июнь күнү саат 10:00-20:00 аралыгында Ахунбаев-Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилиши жолду капиталдык оңдоо жумуштарына байланыштуу унаа кыймылы үчүн жабылат.

Белгилей кетсек, учурда И. Ахунбаев көчөсүнүн Ч. Айтматовдон А. Токтоналиев көчөсүнө чейинки аралыгына эки катмар асфальт төшөлүп, жол чийиндери тартылып бүттү. А. Токтоналиевден А. Малдыбаев көчөсүнө чейинки аралыкта асфальттын экинчи катмары басылууда.

Андан тышкары, Байтик баатыр көчөсүнүн А. Токтомбаевден А. Сүйөркулов көчөсүнө чейинки аралыгына асфальттын экинчи катмары басылууда. А. Сүйөркулов жана М. Горький көчөсү менен чектелген аралыкта асфальт басууга даярдык жумуштары жасалууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты