Бишкектин абасынын сапатын жакшыртуу боюнча чаралардын планы бекитилди

  • 5 месяцев мурун

Министрлер кабинети кезектеги жыйынында 2024-2025-жылдарга Бишкек шаарынын абасынын сапатын жакшыртуу боюнча биринчи кезектеги чаралардын планын бекитти. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, документ Бишкек шаарынын экологиялык абалын жакшыртуу, айлана-чөйрөгө жана калктын ден соолугуна терс кесепеттерди алып келүүчү атмосферага зыяндуу физикалык таасирлердин алдын алуу жана азайтуу максатында иштелип чыккан. 

«Бишкек шаарынын экологиялык абалын жакшыртуу боюнча иш-чаралар планынын кабыл алынышы абанын булганышы боюнча көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган кечиктирилгис жана натыйжалуу чараларды ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Андан кийинки абанын сапатын жакшыртуу боюнча чараларды ишке ашыруу үчүн зарыл шарттарды түзөт», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты