Бишкектик спортчулар дзюдо боюнча Казакстанда өткөн турнирде жеңишке ээ болушту

  • 7 месяцев мурун

Бишкектик спортчулар дзюдо боюнча Казакстанда өткөн турнирде жеңишке ээ болушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Күрөш өнөрү боюнча олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары дзюдо боюнча уландар жана кыздар арасында «ARLAN JUDO KIDS TOURNAMENT» ачык турниринин жеңүүчүлөрү болушту.

Жаш спортчулар 6 медалга ээ болушту:

Темирлан Тургунбеков – 1-орун (29 кг салмакта);

Кантемир Тургунбеков – 2-орун (35 кг);

Эмил Солтобеков – 3-орун (35 кг);

Сыймык Ишеналиев – 3-орун (38 кг);

Орозбекова Адинай – 3-орун (40 кг).

Белгилей кетсек, мелдеш 8-11-декабрь аралыгында Тараз шаарында (Казакстан) өттү.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты