Бишкектик миллиардер Александр Машкевич көз жумду

  • 1 год мурун

Белгилүү ишкер Александр Машкевич көз жумганын ал негиздеген Eurasian Resources Group компаниясынын басма сөз кызматы билдирди.

“2025-жылы 22-мартта казакстандык белгилүү ишкер жана коомдук ишмер, Eurasian Resources Group (ERG) негиздөөчүлөрүнүн бири Александр Антонович Машкевич узак оорудан кийин, 72 жашында дүйнөдөн өткөнүн кайгыруу менен кабарлайбыз. Ал 2014-2024-жылдар аралыгында Eurasian Resources Group кеңешине төрагалык кылган. Ошондой эле А. Машкевич узак жылдар бою «Евразиялык банк» АК директорлор кеңешинин төрагасы болду. ERG көп миңдеген эмгек жамааты  Aлександр Антонович Машкевичтин аза кайгысына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына кайгыруу менен көңүл айтат” деп айтылат билдирүүдө.

Александр Машкевич 1954-жылы 23-февралда Бишкек (ал кезде Фрунзе) шаарында врач жана юристтин үй-бүлөсүндө туулган. 1978-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 1981-жылы Кыргыз педагогикалык институтунун аспирантурасын бүтүргөн. Педагогикалык илимдердин кандидаты, философия илимдеринин доктору. Кыргыз пединститутунун деканы болгон. 1980-жылы ал бизнес тармагына киришкен. Алгачкы капиталын Кыргызстанда товар сатуу менен баштаган.

1990-жылы Казакстанга кетип, биринчилерден болуп ишканаларга, металлургиялык секторго каражат салып, финансылык империясын түзүүгө жетишкен.    

Машкевич бизнесмендер, кыргызстандык Ибрагимовдор жана Патох Шодиев, ошондой эле Казакстандын финансы министрлиги менен бирге ERG компаниясын негиздөөчүлөрдүн бири.  

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты